• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КМШ оюндары. Тайбоксчулар Руслан Данияр уулу жана Алмагүл Жоробекова коло медалга ээ болду

Спорт 0

Витебск, 11.08.23. /Кабар/. Бүгүн, 11-августта Кыргызстандын тайбокс боюнча жаштар курама командасынын мүчөлөрү Руслан Данияр уулу жана Алмагүл Жоробекова Беларуста өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн II оюндарында коло медалга ээ болду.

51 кг чейинки салмак категориясында катышып жаткан Алмагүл Жоробекова жарым финалда россиялык мушкер Алина Герасимова менен беттешти. Жеңилүү ызасын тарткан кыргыз спортчусу коло медалга татыды.

Ошондой эле 67 кг чейинки салмакта Руслан Данияр уулу өзбекстандык мушкер Мухлисбек Ганижонов менен кез келди. Кыргыз спортчусу техникалык нокаут менен жеңилип, коло медаль тагынды.

Белгилей кетсек, тайбокс боюнча мелдештер Беларустун Витебск шаарында кечээ, 9-августта башталып, 13-августка чейин уланат. Мелдешке Кыргызстандын атынан жалпы 7 спортчу катышып жатат.

Эскерте кетсек, ушул тапта Беларустун 10 шаарында КМШ өлкөлөрүнүн II оюндары өтүп жатат. Оюндарга спорттун 22 түрү боюнча 22 мамлекеттен 2 миңден ашуун спортчу катышууда.

Аталган мелдештерде ошондой эле 200дөн ашуун кыргыз спортчусу спорттун 17 түрү боюнча күчүн сынап жатат. 4 августта башталган оюндар 14-августта жыйынтыкталмакчы.

Пикир

Оставить комментарий