Бишкек, 03.10.23. /Кабар/. Коңшу өлкөдө катталган жер титирөө Кыргызстандын аймагында 3 баллга чейин сезилди. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2-октябрь күнү саат 20:03 чамасында Тажикстандын аймагында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Шибээ, Кулчу, Жар-Башы, Карамык, Кара-Тейит, Дароот-Коргон айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Пикир
Оставить комментарий