• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Колдонулган жана жокко чыгарылган автономерлер сатылат — Мамкаттоо

Коом 0

Бишкек, 13.04.21. /Кабар/. «Унаа» мамлекеттик мекемеси колдонулган жана жокко чыгарылган мамлекеттик номерлерди сатуу боюнча аукцион өткөрөт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.

Аукционго жалпы салмагы 143 280 кг металл сыныктар (алюминий) коюлат.

Товардын баштапкы баасы өзү алып кетүү шарты менен 1 кг 65 сомду түзөт.

Аукцион жарыяланган 2021-жылдын 4-мартынан бери аукционго катышуу үчүн 2 юридикалык жактардан арыз келип түшкөн.

Аукцион 14-апрелде саат 11.00дө Бишкек шаары, Ч.Валиханов көчөсү 2Б дарегинде өтөт. Колдонулган жана жокко чыгарылган мамлекеттик номурларды сатуу боюнча аукцион биринчи жолу өткөрүлөт.

Аукциондон түшкөн каражат мамлекеттик бюджетке которулат.

Пикир

Оставить комментарий