• 88.68
  • 95
  • 0.95

Коопсуздук кеңешинин катчысы Сагынбаев жеке жашоосу тууралуу айтып берди

Коом 0

Бишкек, 04.03.19. /Кабар/. КРнын Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев “Кыргызстандын аялдары коопсуздук, тынчтык жана өнүгүү үчүн” аттуу улуттук форумда жеке жашоосу тууралуу айтып берди.

Сагынбаев баардык айымдарды келе жаткан 8-март – Аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктап, жубайы менен кызы анын негизги колдоочулар экендигин билдирди.

“Менин жубайым жана кызым мени үйдөгү жана күнүмдүк эмгек милдеттеримди аткарууга дем беришет. Биз эркектер дайыма үй-бүлөлүк түтүн курууга аракет жасайбыз, ал эми ошону аял киши сактайт”, - деди ал.

Сагынбаев кошумчалагандай, эркектер дайыма үйүн материалдык жактан камсыз кылууга аракет жасайт.

Пикир

Оставить комментарий