• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КР менен Түркиянын биринчи айымдары “Кырчын” этношаарчасында көчмөндөрдүн маданияты менен таанышышты

ДКО 2018 0

Бишкек, 03.09.18. /Кабар/. Түркия Президенти Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстанга расмий визитинин алкагында эки мамлекеттердин башчыларынын жубайлары Айгүл Токоева жана Эмине Эрдоган бүгүн, 3-сентябрда Кырчын капчыгайындагы этношаарчага барышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Эки мамлекеттердин Президенттеринин жубайларына жергиликтүү чеберлердин колунан чыккан буюмдарды, мисалы, байыркы ыкма менен килем токууну көрсөтүштү. Андан соң алар этнобазарды кыдырышып, кыргызстандыктар менен баарлашышты. Эки өлкөнүн биринчи айымдарына этношаарчанын башкы сценасында чабандестердин оюндарын, ат үстүндөгү өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Пикир

Оставить комментарий