• 88.68
  • 95
  • 0.95

КР ТИМ башчысы өлкөнүн эксперттик-аналитикалык коомчулугунун өкүлдөрү менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 12.01.24. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев күн мурун өлкөнүн эксперттик-аналитикалык коомчулугунун көрүнүктүү өкүлдөрү менен салттуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кулубаев эксперттерге 2023-жылы президент Садыр Жапаровдун коопсуздук жана коргонуу жөндөмдүүлүгү, экономика жана финансы, экология жана тоолорду өнүктүрүү, чет өлкөдө мекендештердин укуктарын коргоо жана туризм чөйрөсүндөгү тышкы саясий тапшырмаларын иштеп чыгуунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат берди.

Ошондой эле атамекендик дипломатиялык кызматтын жетекчиси кыска мөөнөттүү келечекте тышкы саясаттын артыкчылыктуу багыттарын ишке ашыруу боюнча көз караштары жана пландары менен бөлүштү.

Өлкөнүн тышкы саясий багыты туруктуу жана тең салмактуу, ырааттуу жана алдын ала айтууга боло турган бойдон калып, эл аралык кызматташтыкта улуттук кызыкчылыктарды илгерилетүүгө багыттала тургандыгы тастыкталды.

Ошол эле учурда тышкы саясий ведомствонун башчысы жолугушууда талкууланган маселелер боюнча эксперттердин ой-пикирлерин жана сунуштарын кунт коюп укту.

Пикир

Оставить комментарий