• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

КР ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев Малайзияга расмий сапар менен барат

Саясат 0

Бишкек, 31.03.24./Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Малайзияга расмий сапар менен барат. Визит 1-3-апрель күндөрү малайзия тараптын чакыруусу менен болот. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Расмий сапардын алкагында Жээнбек Кулубаевдин Малайзиянын ьышкы иштер министри Утама Хаджи Мохамад бин Хаджи Хасан жана башка расмий өкүлдөрү менен жолугушуулары өтөт.

Алдыдагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө кыргыз-малайзиялык кызматташуунун учурдагы күн тартибин, ошондой эле эки тарапты кызыктыруучу көп тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий