• 88.68
  • 95
  • 0.95

Курсан Асанов менен Ирандын КРдагы элчиси коопсуздук тармагында кызматташууну талкуулашты

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.08.18. /Кабар/. КР ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов Ирандын Кыргызстандагы элчиси Али Можтаба Рузбехани менен жолугушту. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Тараптар КР менен Ислам республикасынын өкмөттөрү ортосундагы коопсуздук жана тартип жаатында кызматташуу долбооруна кол коюу маселесин талкуулашкан.

КР ИИМ башчысынын орун басары Курсан Асанов конокторго кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдирип, келечекте өз ара алакалардын бекемделишине ишеним артты.

Пикир

Оставить комментарий