• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кырдаал оор бойдон калууда. Киров суу сактагычына суу аз көлөмдө агып келүүдө

Аймак 0

Бишкек, 29.08.23. /Кабар/. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен Киров суу сактагычына суунун аз көлөмдө агып келип жаткандыгын билдиришти.

"Талас дарыясынын бассейнинде суу аз болгондуктан быйыл Киров суу сактагычында суунун көлөмү кескин азайган. Өткөн жылы суу сактагычка агып келген суунун көлөмү секундасына 13,7 метр кубга жетсе, бүгүнкү күндө 0,7 метр кубду гана түзүүдө”, - деп белгилешти министрликтен.

Пикир

Оставить комментарий