• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто акыркы коңгуроо салтанатын өткөрүү боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 31.05.22. /Кабар/. Кечээ, 30-майда Кара-Суу районунда жалпы билим берүү мекемелеринде окуу жылын уюшкандыкта аяктоо жана “Акыркы коңгуроо” иш-чарасын өткөрүүдө бүтүрүүчүлөрдү ар кандай кооптуулуктан сактоо, кырсыктардын жана үй бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу максатында жыйын өттү. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйынга Кара-Суу районунун акиминин орун басары А.Куланова, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Г.Машрапова, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы А.Акунбеков, мектеп директорлору жана ички иштер кызматкерлери катышты.

Жыйында жалпыга билим берүү тармагында акыркы коңгуроо салтанатын 2022-жылдын 9-июнь күнү саат 9:00 уюшкандыкта өткөрүү, райондук мамлекеттик администрациясында, райондук билим берүү бөлүмүндө, райондук ички иштер бөлүмүндө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жооптуу кызматкерлерден нөөмөт уюштуруу жана акыркы коңгуроо салтанатын кафе-ресторандарда, жаратылышта жана башка көңүл ачуучу жайларда өткөрүүгө тыюу салынгандыгы тууралуу КР президентинин Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буйругу жеткирилди.

Эгерде тыюу салынган иш-чаралар аныкталса ата-энелерге же мыйзамдуу өкүлдөрүнө КР УБКнин 74-беренеси менен айып пул салынат (коомдук жайларда, көчөлөрдө, эс алуучу жайларда жаш курагы 18 жашка толбогондорго).

Ошол эле учурда ата-энелер бүтүрүүчү балдарына үйлөрүндө отуруш уюштуруп берсе же болбосо укук коргоо органдарына жана билим берүү мекемелеринин талаптарына баш ийбей, калктуу конуштарда же болбосо коомдук жайларда тынчтыкты сактоо эрежелерин бузуу катталса, 10 миң сомдон 280 миң сомго чейин айып пул салынат.

Ош облусунун аймагында милиция кызматкерлери тарабынан бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери менен биргеликте тоолор, парктар, жана ушул сыяктуу эс алуучу жайларда көӊүл ачуу отуруштарына жол бербөө жана башка кылмыштуулуктун алдын алуу максатында жер жерлерде жыйындарды өткөрүшүп, жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Пикир

Оставить комментарий