• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз-сауд мамилелерин жана кызматташтыгын өнүктүрүү талкууланды

Коом 0

Бишкек, 24.12.21. /Кабар/. КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Сауд Араб Падышалыгынын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Радини кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-сауд кызматташтыгынын актуалдуу аспектилерин жана алдыдагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына карата эки тараптуу байланыштарды активдештирүү зарылдыгын талкуулашты.

Министр Р.Казакбаев сауд тарапка эки тараптуу мамилелердин бул маанилүү учурду эки өлкөнүн маданият күндөрүн, илимий-практикалык конференцияларды, туризм жана бизнес форумдарын өткөрүү менен белгилөөнү сунуштады.

Тараптар ошондой эле эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруунун, көп тараптуу аянтчаларда жана эл аралык уюмдарда өз ара колдоо көрсөтүү аркылуу кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Жыйынтыгында, тараптар эки тараптуу кыргыз-сауд мамилелерин жана кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү боюнча стратегиялык Жол картасын биргелешип иштеп чыгып, жакынкы мезгилде ишке ашырууну макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий