• 88.68
  • 95
  • 0.95

УКМК: Криминалдык авторитет Кадырбек Досонов камакта калтырылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.12.21./Кабар/. Криминалдык авторитет Кадырбек Досонов камакта калтырылды, - деп билдирет УКМКнын маалымат кызматы.

Мурда маалымдалгандай, УКМК башка бирөөнүн мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу жанакылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга байланышкан оор кылмыштарды жасаган деп айыпталган криминалдык авторитет К.Досоновго карата тергөө иштери аяктады.

Тергөө аяктагандан кийин бул кылмыш ишинкароо үчүн Ош облусунун Кара-Суу райондук сотуна жөнөтүлүп, анын чечими менен үстүбүздөгүжылдын 23-декабрында К.Досоновго карата баш коргоо чарасы үй камагына алмаштырылган.

Ошону менен бирге, үстүбүздөгү жылдын 24-декабрында төрагалык кылуучу алмашкандыгына байланыштуу, К.Досоновго карата мурда кабыл алынган чечим каралып, жасалган кылмыштардын оордугун жана кылмыш чөйрөсүндөгү ээлеген абалын эске алуу менен анын баш коргоо чарасы камакка алуу түрүндө өзгөртүлдү.

Пикир

Оставить комментарий