• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан акыркы эки жылда жол курууга керектелген 700гө жакын жаңы техника сатып алган

Коом 0

Бишкек, 09.04.24. /Кабар/. Акыркы эки жыл ичинде Кыргызстан жол курууга көңүл буруп, ал үчүн 700гө жакын жаңы техника сатып алган. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Ал өз билдирүүсүндө интернет булактарында сапатсыз төшөлүп, бузулуп калган асфальт жолдун видеосу талкууга алынып жаткандыгын айтты.

"Материалды жарыялаган Улан Досматов “...ушундай кантип болсун, арыбаңыз Садыр ава” деп суроо койгон. Аталган жол Ача-Кайыңды – Май-Босого унаа жолунун аралыгындагы тилке. Болжолдуу 300 метр аралыгы жараксыз абалга келген", - деди ал.

Орунбеков бул унаа жолу 2020-жылы курулганы аныкталгандыгын кошумчалады.

"Бул маалыматка эмнеге токтолуп жатам, айрым интернет колдонуучулар бузулган жол үчүн учурдагы бийликти сындап жатышат. Ошондуктан тактап кетүүнү ылайык көрдүм", - деп баса белгиледи президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси.

Пикир

Оставить комментарий