• 88.68
  • 95
  • 0.95

Таластагы борбордук көчөлөрдүн бири заманбап талаптарга ылайык келтирилет

Аймак 0

Бишкек, 09.04.24. /Кабар/. Талас шаарындагы И. Сарыгулов көчөсүнүн Ч. Айтматов көчөсүнөн тарта Бердике Баатыр көчөсүнө чейинки аралыгы заманбап талаптарга ылайык келтирилет.

Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен маалымдашкандай, мындай аракет Талас шаарынын айлана-чөйрөсүн көрктөндүрүү, калаа тургундарына жана конокторуна жагымдуу шарт түзүү максатын көздөйт.

Учурда Мамкурулуш агенттигинин Талас регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан атайын эскиздик долбоор иштелип чыгып, Талас шаарынын мэриясынын кароосуна сунушталды.

Пикир

Оставить комментарий