• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан биринчи жолу Екатеринбургдагы эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышат

Экономика 0

Бишкек, 03.07.23. /Кабар/. Кыргызстан биринчи жолу ушул жылдын 10-июлунан 13-июлуна чейин Екатеринбург шаарында (Россия Федерациясы) өтө турган Иннопром эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышат.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги көргөзмөгө катышууга даярданууда.

Иннопром-2023 негизги темасы "Туруктуу өндүрүш: жаңылануу стратегиялары".

Бул көргөзмөдө 15тен ашык ата мекендик компаниялардын катышуусунда Кыргыз Республикасынын жамааттык стендин көрсөтүү пландаштырылууда.

Ошондой эле, көргөзмөнүн өзүн ачуу жана өткөрүү алкагында министрликтин жетекчилигинин катышуусу пландалууда.

Ушуга байланыштуу Экономика жана коммерция министрлиги кызыккан адамдарды Кыргызстандын стендине келүүгө чакырат.

Пикир

Оставить комментарий