• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан боюнча деградация болгон 10 миң га жайыт калыбына келтирилди

Коом 0

Бишкек, 30.11.23./Кабар/. 2023-жылга болжолдонгон 10 миң гектар деградация болгон жайыттарды калыбына келтирүү иштери республика боюнча 100%га жүргүзүлүп бүттү. Бул иштер президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык аткарылган.

Айыл чарба министрлиги билдиргендей, техника бара албаган жайыттарга тиешелүү адистер жайыт чөбүнүн үрөнүн кол менен чачып себип, түзүлгөн графикке ылайык мындай иштер күнүнө уланган.

Кунарсыз жайыттарды жакшыртуу максатында Россиядан 99 тонна 500 кг жайыт үрөнү сатып алынып, Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаменти тарабынан айыл өкмөт, жайыт комитеттерине таратылып берилген.

Бүгүнкү күндө республика боюнча 10 миң га жайыт аянтына үрөн себилип, иштер 100%га аткарылды.

Облустар боюнча алып караганда:

  • Нарын облусу — 1 603 га;
  • Ош облусу – 2 035 га;
  • Жалал-Абад облусу — 2 674 га;
  • Ысык-Көл облусу — 1 198 га;
  • Чүй облусу – 649 га;
  • Талас облусу – 905 га;
  • Баткен облусу – 936 гектар аянтка жайыт үрөндөрү себилди.

Пикир

Оставить комментарий