• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан менен Азербайжандын Мамлекеттер аралык кеңешин түзүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 20.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 20-апрелде, расмий сапарынын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Кыргыз Республикасынын жана Азербайжан Республикасынын Мамлекеттер аралык кеңешин түзүү жөнүндө Меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Документте,- “Кыргыз Республикасы жана Азербайжан Республикасы, эки мамлекеттин элдеринин ортосундагы достук салтына жана боордоштук мамилелерине негизделип, 1997-жылдын 23-апрелиндеги Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы Достук жана кызматташтык жөнүндө келишимди жана 2012-жылдын 30-мартындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Азербайжан Республикасынын Президентинин биргелешкен билдирүүсүн жетекчиликке алып, артыкчылыктуу маселелерди натыйжалуу чечүү жана эки тараптуу өнөктөштүк мамилелерди сапаттуу жаңы деңгээлге чыгаруу максатында кыргыз-азербайжан кызматташтыгын мындан ары тереңдетүүнү жана кеңейтүүнү кубаттап, өз ара пайдалуу кызматташтыктын саясий, экономикалык, гуманитардык жана башка жааттардагы эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү чыңдоо максатында, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:

– мамлекет башчыларынын деңгээлинде Кыргыз Республикасынын жана Азербайжан Республикасынын Мамлекеттер аралык кеңешин түзүү;

– ушул Меморандумга тиркелген Кыргыз Республикасынын жана Азербайжан Республикасынын Мамлекеттер аралык кеңеши жөнүндө жобону бекитүү”,- деп айтылат.

Пикир

Оставить комментарий