• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакбаев Хорватиянын Кыргызстандагы жаңы элчиси Рефик Шабановичти  кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 22.06.21. /Кабар/. Бүгүн, 22-июнда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Хорватия Республикасынын Кыргызстандагы жаңы элчиси Рефик Шабановичти анын ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшыруусуна байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Р.Казакбаев Хорватиянын элчисин КРдагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, Бишкек менен Загребдин ортосундагы ар тараптуу мамилелерди өнүктүрүү боюнча жигердүү иш алып бараарына ишеним билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мамлекеттердин ортосундагы эки тараптуу кызматташтыгынын абалынын жана келечегинин бир катар актуалдуу маселелерин талкуулашты, ошондой эле пландаштырылган иш-чаралар боюнча пикир алмашышты.

Тактап айтканда, тараптар Кыргызстан менен Хорватиянын Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы тышкы иштер министрлердин орун басарларынын деңгээлиндеги биринчи саясий консультацияларды өткөрүү мөөнөтүн ырасташты.

Мындан тышкары, КР ТИМ башчысы өлкөлөрдүн ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү эки тараптуу кызматташуунун маанилүү негизи болуп саналарын белгиледи.

Ушуга байланыштуу хорват тарабына курчап турган чөйрөнү коргоо, маданият, спорт, билим берүү жана саламаттык сактоо чөйрөсүндө мурда жиберилген типтүү эки тараптуу макулдашуулардын долбоорлорун кароону тездетүү өтүнүчү билдирилди.

2021-жылдын 18-20-июнунда Анталия форумунун жүрүшүндө жолугушкан Кыргызстан менен Хорватиянын тышкы саясий ведомстволорунун башчыларынын макулдашууларынын алкагында, кыргыз тарап Кыргызстанга коронавирус инфекциясына каршы вакцина берүүдө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды.

Жыйынтыгында Хорватиянын элчиси Р.Казакбаев кызматташтыктын бардык спектрлеринин маселелери боюнча эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү жана бекемдөө үчүн бардык зарыл аракеттерди жумшарына ишендирди.

Пикир

Оставить комментарий