• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда 2019-жылы эмдөөдөн баш тарткандардын саны 6,5 миңди түздү

Ден соолук 0

Бишкек, 25.02.20. /Кабар/. Кыргызстанда 2019-жылы эмдөөдөн баш тарткандардын саны 6,5 миңди түздү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башкы адиси Бактыгүл Исмаилова билдирди.

Анын айтымында, эмдөөдөн аң-сезимдүү түрдө баш тартып жаткан ата-энелердин саны жыл сайын артууда. Ал белгилегендей, былтыр эмдөөдөн баш тарткандардын саны 6 миң 524 болсо, анын 4,1 миңи 1 жашка чейинки балдардын ата-энелери.

"Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү үчүн алар менен иштешебиз. Ошондой эле дарыгерлердин эмдөөнүн маанилүү экендиги тууралуу маалымат берип турушу боюнча иш алып барабыз. Вакциналардын сапаты көзөмөлдө турат. Алар негизинен Индия менен Россиядан алынат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий