• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда 41 жогорку чыңалуудагы көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылды

Коом 0

Бишкек, 25.10.23. /Кабар/. "Кыргызстан улуттук электр тармагында" трансформаторлордун кубаттуулугун жогорулатуу боюнча компаниянын көмөк чордондорунда көлөмдүү иштер жүргүзүлдү.

Компаниядан билдиришкендей, анын алкагында республика боюнча 35-110-220 кВ жогорку чыңалуудагы 41 көмөк чордондо трансформаторлордун кубаттуулугун жогорулатуусу 418,2 МВА түздү, анын ичинде:

- Бишкек шаары - 264,7 МВА;
- Нарын облусу – 50,7 МВА;
- Ысык – Көл облусу – 49,7 МВА:
- Ош облусу – 33,8 МВА;
- Жалал-Абад облусу – 15 МВА;
- Чүй облусу - 2,8 МВА;
- Баткен облусу – 1,5 МВА.

Ал эми 6-10/0,4 кВ төмөнкү чыңалуудагы тармактарында 206 даана трансформатордук көмөк чордондор алмашылып, орнотуу иштери жүргүзүлдү, калган дагы 205 даана трансформатордук көмөк чордондорду үстүбүздөгү жылдын ноябрь айынын аягына чейин республика боюнча орнотуу пландалууда. Мындан тышкары, 6/10 кВ чыңалуу классындагы 98,71 жана 92,69 чакырым 0,4 кВ жаңы аба чубалгылары курулуп, 6/10 кВ узундугу 115,15 жана 95,89 чакырым 0,4 кВ аба чубалгылары реконструкцияланды.

Аталган иштердин натыйжасында трансформаторлордун кубаттуулугу жогорулатылып, ашыкча жүктөөлөр азайып, жана жаңы абоненттерди сапаттуу чыңалуу менен камсыздап кошууга шарттар түзүлдү.

"Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ААКсынын филиалдарынын объектилерин мындай масштабдуу модернизациялоо жана техникалык жабдууларды жаңыртуу акыркы бир нече жылдан бери биринчи жолу жүргүзүлүп жатат, бул мүмкүнчүлүк 2023-жылдын 1-майынан тартып электр энергиясынын тарифи көтөрүлгөндүгүнүн негизинде ишке ашты (77 тыйындан 1 сомго чейин).

Алдыда келе жаткан күз – кыш мезгилинде керектөөчүлөрдү ишенимдүү жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн, компаниянын энергетиктери тарабынан пландалган оңдоо иштерин жетишерлик көлөмдө аткарылды. Бардык оңдоп – түзөө иштери график боюнча жүргүзүлүүдө жана акыркы этабына кирип жатат.

Пикир

Оставить комментарий