• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 335 адамдан табылып, 2 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 02.12.20. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 335 адамдан табылып, 2 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус 84 адамдан, Ош шаарында – 28, Чүй облусунда – 107, Ош облусунда – 35, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 15, Ысык-Көл облусунда – 25, Жалал-Абад облусунда – 17, Баткен облусунда 22 кишиден табылган.

Ошол эле учурда 478 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте – 113, Ош шаарында – 7, Чүй облусунда – 100, Ош облусунда – 56, Талас облусунда – 18, Нарын облусунда – 7, Ысык-Көл облусунда – 64, Жалал-Абад облусунда – 66, Баткен облусунда 47 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Акыркы күн ичинде COVID-19 илдетинен 2 адам каза болгон: Бишкекте – 1, Ош облусунда – 1 киши. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 2 миң 651 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 600 бейтап дарыланууда.

“Бир күн ичинде өлкө боюнча 12 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Үй шартынан 9, стационардан 6 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 3 миң 932 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 623 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 73 миң 513 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 65 миң 189 киши айыгып чыкса, 1 миң 277 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий