• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Кыргызстанда биринчи жолу “Виват, Рояль!” фестивалы өтөт

Маданият 0

Бишкек, 09.05.23./Кабар/. Кыргызстанда биринчи жолу “Виват, Рояль!” фестивалынын гала-концерти өтөт, деп билдирет Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги.

Иш-чара 13-майда Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында өтмөкчү. Башталышы саат 18:00. Кирүү акысыз.

Фестиваль фортепиано искусствосун өнүктүрүү жана жайылтуу максатын көздөйт. Ага КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу музыкалык окуу жайлардын окуучулары, студенттери жана бүгүнкү күндө Москва шаарында окуп жаткан студенттер, ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарынан келген пианисттер мугалимдери менен биргеликте катышат.

Гала-концертте көрүүчүлөргө алдыңкы дүйнөлүк музыканын тандалмаларынан тартып, коомчулукка белгилүү, кыргыз композиторлору менен катар дүйнөлүк классикалык чыгармалар аткарылат.

Ошондой эле, фестивалдын алкагында 12-май күнү саат 11:00дө П. Шубин атындагы борбордук балдар музыкалык мектебинде Россия Федерациясынын эмгек сиңирген артисти, Гнесиных атындагы Россия музыкалык академиясынын профессору В.Б. Носинанын катышуусунда фортепиано сабагын берген мугалимдер, мектеп окуучулары жана студенттер үчүн атайын мастер-класстар, лекциялар өтүлүп, тажрыйба алмашуу болот.

Мындай мүмкүнчүлүк фортепиано сабагынан билим берип жаткан мугалимдер жана билим алып жаткан окуучу-студенттер үчүн чоң табылга болуп саналат.

Мааниси терең музыкалык искусствонун келечегине жол ача турган иш-чара Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин координациясында өтүп, уюштуруу иштерин П. Шубин атындагы борбордук балдар музыкалык мектебинин жетекчилиги астында өтөт.

Иш-чара Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарованын колдоосу менен өткөрүлөт.

Гала-концертке бир катар мамлекеттерден ардактуу меймандар чакырылган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, фестивалга биринчи айымы Айгүл Жапарова катышаары күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий