• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда коронавирустан дагы 11 киши каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 03.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) дагы 11 киши каза болду.Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынды Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Бишкек шаарында 4 киши, Ош шаарында - 1, Чүй облусунда - 1, Нарын облусунда - 1, Жалал-Абад облусунда - 3 жана Баткен облусунда 1 адам каза болгон.

Кыргызстанда коронавирустан жалпы 1420 киши каза болду.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 410 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 37129ду түзөт. Алардын ичинен 27927 киши айыгып чыкты, 1420 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий