• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда сутка ичинде 25 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 11.10.22. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 25 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 32 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 8, Чүй облусунда 10, Жалал-Абад облусунда 3, Ош облусунда 1, Нарын облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Чүй облусунун Чүй районундагы Советский айылында бала бакчанын көмүрканасында 20 тонна көмүр күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Жайыл районундагы Сосновка айылында ачык аянтта 500 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Дружба айылында турак үйдүн 100 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Ноокат районундагы Үч-Бай айылында жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үй толугу менен, 4 чарчы метр жыгач устундуу шифер менен жабылган бастырма жана анын ичинде жыйылган 200 түк чөп, 0,5 куб отун толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Октябрь айылында турак үйдүн короосунда жыйылган 800 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий