• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Кытайдагы жердин силкинүүсү Кыргызстанда сезилди

Кырсык 0

Бишкек, 19.03.24./Кабар/. Бүгүн, 19-мартта саат 08.38де Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Кытайда - Эркечтам айылынан 30 чакырым түндүк-чыгышта, Нура айылынан 34 чакырым түндүк-чыгышта, Ош шаарынан 155 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.

Жердин силкинүүсү Кыргызстандын Эркечтам жана Нура айылдарында 2,5 баллга чейин сезилди.

Пикир

Оставить комментарий