• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык балбан Роман Ким Азия чемпионатында коло утту

Спорт 0

Бишкек, 10.04.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык балбан Роман Ким Казакстанда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында коло медаль утту.

Роман Ким грек-рим күрөшү боюнча 130 кг салмакта катышып, коло үчүн кармашта өзбекстандык Темурбек Насимовду 10:1 эсебинде утуп алды.

Аталган мелдеште Акжол Махмудов (77 кг) алтын медаль уткан.

Белгилей кетсек, Азия чемпионаты 9-14-апрель күндөрү Астана шаарында өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий