• 88.68
  • 95
  • 0.95

Аламүдүндө турак үй толугу менен күйүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 10.04.23. /Кабар/. Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Төмөнкү Ала-Арча айылында турак үйдөн өрт чыкты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жалпы аянты 150 чарчы метрди түзгөн жыгач устундуу калай менен жабылган эки кабаттуу турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Белгилей кетсек, өлкө боюнча сутка ичинде 8 өрт кырсыгы катталган.

Пикир

Оставить комментарий