• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

ӨКМ: Базар-Коргондо дайынсыз жоголгон өспүрүм табыла элек

Аймак 0

Бишкек, 10.04.23. /Кабар/. Базар-Коргондо дайынсыз жоголгон өспүрүм табыла элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 31-мартта Базар-Коргон районунун Ак-Булак айылында 14 жаштагы М.Ф. аттуу бала үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Кечээ, 9-апрелде издөө иштерин улантуу максатында 15 куткаруучу тартылган.

Кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулду. Натыйжа болгон жок. Издөө иши бүгүн улантылат.

Пикир

Оставить комментарий