• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Кыргызстандын банк кызматкерлеринин күнү — сандар жана фактылар

Коом 0

Бишкек, 10.05.23. /Кабар/. Улуттук статистика комитети Кыргызстанда улуттук валютанын 30 жылдыгы жана банк кызматкерлери күнүнө карата кызыктуу фактыларды чогулткан.

Дал ушул күнү, 1993-жылы Кыргызстандын Улуттук банкы тарабынан биринчи улуттук валюта жүгүртүүгө чыгарылып, кийин ошол күн банк системасынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы катары негизделген.

Азыркы убакта республиканын банк системасында Кыргыз Республиканын Улуттук банкы жана 23 коммерциялык банк, алардын 14ү чет өлкөлүк капиталдын катышуусу менен иш жүргүзөт. Республиканын региондорунда алардын 326 филиалы иштейт. Банк сегментинде иштеген кызматкерлердин саны 18,5 миңге жакын адамды түзөт, ал эми банктардын кардарларынын эсептеринин саны 8 миллиондон ашат.

2022-жылы финансылык ортомчулук чөйрөсүндөгү кызматкерлердин орточо айлык эмгек акысы мурунку жылдын деңгээлине салыштырмалуу 21%га көбөйүп, 50,3 миң сомду түзгөн.

2022-жылы банк секторунун кирешелери мурунку жылдын көлөмүнө салыштырмалуу 1,7 эсеге көбөйүп, дээрлик 93 млрд. сомго жеткен, ал эми бул мезгилдеги чыгымдары 57,8 млрд. сом өлчөмүндө түзүлгөн, бул 1,6 эсеге көп.

2022-жылдын жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана 22 коммерциялык банк пайда алышты, ал эми бир банк жылды чыгаша менен аяктаган. Сальдолоштурулган финансылык жыйынтык оң болуп түзүлгөн жана 35 млрд. сомго жакын пайданы түздү, бул мурунку жылдын ушул көрсөткүчүнөн 2 эсеге ашат.

2022-жылдын аягына карата экономиканын банк секторунун суммардык активдери бир жылдын ичинде 30,4%га көбөйүп, 877,2 млрд. сомду түздү. Алардын жалпы активдердин наркынын 55%га жакыны коммерциялык банктар тарабынан түзүлдү, ал эми 45%ы Улуттук банкка туура келди. 2022-жылы банк секторунун активдеринин кирешелүүлүк коэффициенти 4,5%ды түздү.

Пикир

Оставить комментарий