• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын футзал курамасы Азия кубогунун чейрек финалына чыкты

Спорт 0

Бишкек, 22.04.24. /Кабар/. Кыргызстандын футзал курама командасы Азия кубогунун чейрек финалына чыкты. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн Бангкок (Таиланд) шаарында өтүп жаткан 2024-жылкы футзал боюнча Азия Кубогунда тайпалык этаптын жыйынтыктоочу - үчүнчү туру орун алды.

Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курамасы турнирдеги үчүнчү беттешин бүгүн, 22-апрелде "Хаумарк" стадионунда Түштүк Кореяга каршы өткөрүп, беттеш 5-5 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.

Голдордун авторлору: Донер Аманбаев (4'), Кайрат Кубанычов (15', 27'), Шохрух Махмадаминов (28'), Самат Жанат уулу (29').

Ошентип, Кыргызстандын курамасы азиялык биринчиликтин "С" тайпасында 5 упайга ээ болуп, турнирдин чейрек финалына чыкты. 1/4 финалынын оюну 24-апрелде өтөт, андагы потенциалдуу атаандаштар Кувейт жана Иран курамалары.

Эске сала кетсек, Кыргызстандын курама командасы Япония, Тажикстан жана Түштүк Корея менен "С" тайпасында жайгашкан. Буга чейинки тайпалык беттештерде оюндар төмөнкүдөй аяктаган:

  • Кыргызстан 3-2 Япония;
  • Кыргызстан 2-2 Тажикстан.

Пикир

Оставить комментарий