• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын президенти Hinduja Group компаниясынын төрагасы Гопичанд Хиндужа менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 13.02.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Дубай шаарына (Бириккен Араб Эмираттары) болгон иш сапарынын жүрүшүндө Hinduja Group компаниясынын Төрагасы Гопичанд Хиндужа менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Hinduja Group - экономиканын он бир негизги секторунда болгон индиялык трансулуттук конгломерат. Компаниянын негизги ишмердүүлүгүнө автоунаа куруу, мунайды кайра иштетүү, банк иштери жана каржы, маалыматтык технологиялар жана IT-кызматтары, саламаттыкты сактоо, соода, инфраструктуралык долбоорлорду иштеп чыгуу, массалык маалымат каражаттары жана көңүл ачуу, энергетика жана кыймылсыз мүлк кирет. Компаниянын дүйнө жүзү боюнча болжол менен 100 млрд АКШ доллары өлчөмүндөгү активдери бар.

Мамлекет башчысы белгилегендей, учурда Кыргызстанда өлкөгө ири инвестицияларды тартуу үчүн шарттарды түзүү боюнча иштер активдүү жүрүп жатат.

Энергетика, транспорт, тоо-кен тармагында ири долбоорлор ишке киргизилүүдө.

Кызматташтыктын келечеги тууралуу айтып жатып, Садыр Жапаров банк, тоо-кен жана туризм тармагына инвестицияларды тартууну карап көрүүнү сунуштады. Ал Кыргызстан инвесторлор үчүн өз ара пайдалуу шарттарды түзүүгө даяр экендигин белгиледи.

Өз кезегинде Гопичанд Хиндужа сунушталган долбоорлорду деталдуу изилдөөгө кызыкдарлыгын, ошондой эле аларды ишке ашыруу үчүн бардык ресурстарды пайдалануу ниетин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий