• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте грэпплинг боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт

Спорт 0

Бишкек, 13.02.24. /Кабар/. Бишкекте грэпплингдин ADCC версиясы боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.

Мелдеш 19-20-февраль күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүп, ага өспүрүмдөр, жаштар, кыздар жана чоңдор катышат.

Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.

Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында катышат:

  • өспүрүмдөр арасында — 14-15 жаш:
  • балдар — 40, 45, 50, 55, 60, +60 кг;
  • кыздар — 32, 36, 40, 45,50, +50 кг;
  • жаштар арасында — 15-17 жаш:
  • балдар — 50, 55, 60, 65, 70, 75, 80, +80 кг;
  • кыздар — 36, 40, 45, 50, 55, 60, +60 кг;
  • кыз-келиндер арасында — 65.9, 76.9, 87.9, 98.9,+90 кг;
  • эркектер арасында — 60, +60 кг.

Пикир

Оставить комментарий