• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанга 84 кг алтынды мыйзамсыз алып кирүү аракети көрүлгөн

Укук тартиби 0


Бишкек, 19.04.23. /Кабар/. Кыргызстанга баасы 300 млн сомду түзгөн 84 кг алтынды мыйзамсыз алып кирүү аракети көрүлгөн. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-апрелде “Ак-Жол” товарларды чек арада каттоо пунктунда Чүй облусунун аймагындагы ири алтын казуучу компаниялардын бирине бара жаткан JAC үлгүсүндөгү унаа салмагы 84 кг жакын алтын менен кармалды. Унаанын ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды алып келүүгө жана Кыргызстандын салык органдарында каттоодон өтүүгө тиешелүү болгон документтери жок болгон.

Учурда республикалык бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий