• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанга Россиядан мыйзамсыз ташылып келе жаткан 15,6 миң кг йогурт аныкталды

Коом 0

Бишкек, 03.01.24. /Кабар/. Кыргызстанга Россиядан 15 миң 681 кг йогурт азыктарын мыйзамсыз ташып келүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мыйзамсыз ташып келүү Ветеринардык кызматтын "Ак-Тилек" чек ара көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору тарабынан аныкталган.

Тактап айтканда, жүктүн ветеринардык коштомо документи жок экендиги жана ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталбагандыгы аныкталып, инспекторлор тарабынан тиешелүү артка кайтаруу актысы түзүлүп, жүк "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу Россияга артка кайтарылды.

Пикир

Оставить комментарий