• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда кырктан ашык мамлекеттик лаборатория санариптик форматка өттү

Коом 0

Бишкек, 19.04.22. /Кабар/. 18-апрелге карата Кыргызстанда 43 лаборатория маалыматтык системага кошулуп, 32 миңден ашык жазуулар киргизилген. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жарандар Саламаттык сактоо министрлигинин https://ilab.med.kg/ порталы аркылуу өздөрүнүн лабораториялык изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын онлайн ала алышат, бул кыйыр финансылык ресурстарды жана кызмат алуучулардын убактысын үнөмдөйт.

Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгын алуу үчүн https://ilab.med.kg/ шилтемеси аркылуу өтүп, андан соң "Анализдердин натыйжалары" дегенди тандап, PIN, паспорттун серия жана номерин толтуруңуз, андан кийин сиз лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгын QR код менен корголгон pdf форматында жүктөп алуу мүмкүнчүлүгү пайда болот.

Саламаттык сактоо министрлиги Санарип MED программасынын жана бекитилген санариптик саламаттыкты өнүктүрүүнүн максаттуу моделинин алкагында лабораториялар үчүн - ILab интеграцияланган маалыматтык системасын мурда иштеп чыккан жана санариптик чечимди ишке ашырууда.

Ошондой эле лабораториялык маалыматтык системаны «Түндүк» электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы менен интеграциялоо боюнча иштер жүрүп жатат, ал үчүн кызмат алуучулар каалаган Калкты тейлөө борборлорунан электрондук цифралык кол тамганы алышы керек.

Пикир

Оставить комментарий