• 88.68
  • 95
  • 0.95

Өлкө аймактарында айыл чарба техникалары үчүн тетиктерди сатуучу түйүндөр иштеп жатат

Өкмөт 0

Бишкек, 15.04.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасы менен жазгы талаачылык иштерди үзгүлтүксүз уюштуруу максатында айыл чарба техникаларынын тетиктерин сатуучу түйүндөр уюштурулду. Учурда республиканын аймактарында запастык бөлүктөрдү саткан 80ден ашык дүкөн иштеп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Муну менен катар Чүй, Талас, Нарын жана Ысык-Көл облустарындагы дыйкандардын буюртмасынын негизинде Бишкек шаарындагы дүңүнөн соода кылган ишкерлер менен биргеликте облустарга айыл чарба техникаларынын тетиктерин жеткирүү иштери уюштурулду. Ал эми Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарындагы фермерлер техниканын запастык бөлүктөрүн Ош жана Жалал-Абад шаарында жайгашкан бизнес-соода кампаларынан алууда.

Жер-жерлерде иштеп жаткан чакан соода түйүндөрүн айыл чарба техникаларынын тетиктери менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында Бишкек шаарында жайгашкан «Кудайберген» базарындагы айыл чарба техникаларынын запастык бөлүктөрүн сатуучу контейнерлерге өзгөчө кырдаал убагында иштөөсүнө уруксат берилди.

Ошондой эле айыл чарба техникаларын жана алардын тетиктерин сатуучу компаниялар дыйкандардын буюртмасына ылайык, техникаларды, запастык бөлүктөрдү сатуу, жер-жерлерге жеткирип берүү боюнча ишин улантууда.

Жазгы талаачылык иштери жүрүп жаткан маалда башка аймактардан жардамга келген айыл чарба техникалары облустардын ичиндеги автожолдордон тоскоолдуксуз өтүшүнө шарттар түзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий