• 88.68
  • 95
  • 0.95

Өлкөнүн саламаттык сактоо уюмдары үчүн 15 көчмө гемодиализ аппараты сатып алынды

Ден соолук 0

Бишкек, 02.05.23. /Кабар/. Өлкөнүн саламаттык сактоо уюмдары үчүн 15 көчмө гемодиализ аппараты сатып алынды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аппараттар Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун алкагында сатылып алынган.

Долбоордун максаты - COVID-19 коркунучун алдын алуу, аныктоо жана ага каршы аракеттенүү болуп саналат.

Министрликтен белгилешкендей, бул медициналык жабдуулар интенсивдүү терапия жана жандандыруу бөлүмдөрүндө өтө зарыл, бөйрөктүн курч жетишсиздигинде (БКЖ) канды токсиндерден жана ашыкча суюктуктан тазалоо үчүн арналган. Сатып алынган жабдуулар 2023-жылы чыгарылган жаңы муундагы көчмө гемодиализ аппараттары.

Жабдуулар Саламаттык сактоо министрлигинин бөлүштүрүү планына ылайык өлкөнүн бардык аймактарындагы негизги саламаттык сактоо уюмдарына орнотулду: Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына 1, M.Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборуна 1, Улуттук госпиталга 1, М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна 1, Бишкек шаарындагы Клиникалык тез жардам ооруканасына 1, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына 1, Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна 2, Чүй облустук бириккен ооруканасына 1, Талас облустук бириккен ооруканасына 1, Жалал-Абад облустук бириккен ооруканасына 1, Баткен облустук бириккен ооруканасына 1, Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасына 1, Нарын облустук бириккен ооруканасына 1, Токтогул Жалпы дарыгерлик практика борборуна 1.

Пикир

Оставить комментарий