• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Маданият кызматкерлери көлдө эс алып жаткан дарыгерлерге жагымдуу маанай тартуулашууда

Коом 0

Бишкек, 25.08.20. /Кабар/. Маданият кызматкерлери көлдө эс алып жаткан дарыгерлерге жагымдуу маанай тартуулашууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өлкө аймагында COVID-19 илдети катталган күндөн тарта вирус менен күрөшүүдө алдынкы сапта тынымсыз эмгектенген дарыгерлер көптөн күткөн эс алууга чыгып, кыргыз бермети болгон Ысык-Көлдө ден соолуктарын бекемдеп, эс алышууда.

"Таза аба, витаминдештирилген тамак-аш, физикалык активдүүлүк жана маданият кызматкерлери тартуулаган жакшы маанай дарыгерлердин саламаттыгына оң таасирин тийгизип, ден соолугун калыбына келтирүү үчүн шарт түзөт", - деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, илдеттин очокторунда иштеген дарыгерлердин ден соолугуна кам көрүп, кайра калыбына келтирүү үчүн шарттарды түзүү боюнча аткарылып жаткан иш-чаралар КР өкмөтүнүн колдоосу астында КР президенти С.Жээнбековдун медицина тармагынын илимий кызматерлери менен болгон жолугушуусунун жыйынтыгында мерчемделген иш-чараларды аткаруунун алкагында уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий