• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

COVID-19 экинчи ирет жукпайт дегенге кепилдик жок. Санитардык эрежелерди сактоо керек - Каратаев

COVID - 19 0

Бишкек, 25.08.20. /Кабар/. Коронавирус экинчи ирет жукпайт дегенге эч ким кепилдик бере албайт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынды саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

"Ооруп чыктым, эми мен оорубайм" дегенге эч ким кепилдик бере албайт. Учурдан пайдаланып жарандарды беткап тагынууга, социалдык аралыкты сактоого чакырат элем. Бул вирустун штаммдары көп болуп жатат. Октябрь, ноябрь айларында сасык тумоо, респиратордук вирустук оорулар күчөй турган болсо, коронавирус менен кошулуп кетсе кандай болот деген сөздөр болуп жатат. Бүгүнкү күнү оорунун күчөп кетишине жол бербөө үчүн бүт күч-аракеттер жумшалып жатат. Сасык тумоону эмдөө үчүн 770 миң вакцина сатып алынууда", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий