• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Мал базарда акчасын уурдаткан карыя кайтарылган каражаттын бир бөлүгүн кичинекей Канаттын дарылануусуна которот

Коом 0

Бишкек, 28.10.22. /Кабар/. Токмоктогу мал базарда акчасын уурдаткан карыя кайтарылган каражаттын бир бөлүгүн кичинекей Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Кайрат Маматовдун уулу - Канаттын дарылануусуна которууну чечти. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Эртең менен Токмок шаарынан милициянын подполковниги чалды. Жакында эле карыяны мал базарда тоноп кетишкен, кайдыгер эмес жарандар 500, 1000 сомдон чогултуп беришкен. Милиция кылмышка шектүүнү кармап, ал келтирилген чыгымдын ордун толуктап берген. Ал эми чоң ата бүгүн ошол каражаттын эсебинен Канатка жардам берүүнү чечкен. Кудайым сиздерге жана жакындарыңыздарга ден соолук жана бакубатчылык каалайм", - деп жазган ал.

Кичинекей Канатка 2021-жылдын декабрында сөөк метастаздары менен IV стадиядагы нейробластома диагнозу коюлган.

Канатка көмөк көрсөтүүнү каалагандар үчүн:

- «РСК Банк» Visa: 4724 1440 3223 0925 — Аида Маматова (Канаттын апасы);

- «Сбербанк»: 2202 2014 0683 6821 — Асель Исакова (Канаттын тайэжеси);

- «Оптима Банк» Visa: 4439 9710 0957 8449 — Zhazgul Dzhooshbekova (үй-бүлөлүк дос);

- «Мбанк»: +996559515989 — Zhazgul Dzhooshbekova (үй-бүлөлүк дос);

- «ЭЛСОМ»: 0559515989 — Жазгүл Жоошбекова (үй-бүлөлүк дос);

- Zelle: 312-505-8364 — Nurlan Alja (үй-бүлөнүн АКШдагы досу);

- Kaspi KZ: 4400 4301 7851 3377 — Emil Essenbayev (үй-бүлөлүк дос), байланыш номери +77770172383.

Пикир

Оставить комментарий