• 88.68
  • 95
  • 0.95

Мамлекеттик тарых музейи качан ачылат? – Маданият министринин жообу

Коом 0

Бишкек, 22.07.19. /Кабар/. Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Мамлекеттик тарых музейи эмне себептен ачылбай жаткандыгын айтып берди.

Министр "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында билдиргендей, бүгүнкү күнү музейди ачууга эч нерсе тоскоол болгон жок.

“Бирок, музей иштей турган баардык программалык тиркемелердин ачкычы оңдоо иштерин аткарган немис компаниясынын колунда турат. Кыргыз тарап аткарылган иш үчүн 225 миң евро төлөп бериши керек”, - деди ал.

“Маселе каралууда. 225 миң еврону төлөп берүү үчүн бюджеттен каражат бөлүү керек”, - деп билдирип ал, музейди оңдоо иштери аяктагандыгын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий