• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

"Манас" аэропорту дагы эки жаңы учак сатып алууну пландоодо

Коом 0

Бишкек, 19.09.23. /Кабар/. "Манас" эл аралык аэропорту" ААКтын туунду компаниясы "Асман эйрландс" дагы эки жүргүнчү учак сатып алууну пландоодо. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында "МЭА" ААК башкармалыгынын төргасы Манасбек Самидинов билдирди.

Такталгандай, сатып алуу ата мекендик "Асман эйрлайнс" компаниясы толук эсептеп, каражат бөлүп бергенден кийин келерки жылга пландалып жатат.

Учактар буга чейин эки жума мурда сатып алынган учактарга окшош болот.

Белгилей кетсек, "Манас" эл аралык аэропорту биринчи жолу өз эсебинен эки учак сатып алган. 10-сентябрда Брюсселде Канаданын De Haviland Aircraft өндүрүүчү компаниясы менен Dash-8-400 үлгүсүндөгү учакты сатып алуу боюнча расмий кол коюу аземи өттү.

Пикир

Оставить комментарий