• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

УКМК: Матраимов Бакуда экендиги аныкталды. Анын Бишкекте кармалган УКТ мүчөлөрү менен байланышы бар

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.03.24. /Кабар/. Кыргызстанда издөөдө жүргөн Райымбек Матраимов Азербайжандын борбору Баку шаарында экендиги аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Буга байланыштуу УКМКнын маалыматы боюнча аны кармоо тууралуу азербайжан тарапка кат жөнөтүлгөн. Учурда азербайжандык кесиптештер аны кармоо жана андан ары Кыргызстанга экстрадициялоо маселесин иштеп чыгууда.

Ошол эле учурда ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Райымбек Матраимовдун Кыргызстандын жетекчилигине кол салууга даярданып жаткан Азербайжандан келген трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышы бар экендиги такталды.

Белгилей кетсек, КР УКМК кызматкерлери Кыргызстандын аймагынан Азербайжандан келген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү Алиев В.М., Багиров С.А., Асгаров М.О., Бехбудов М.С., Мамедов З.И. аттуу жарандарды кармаган.

Пикир

Оставить комментарий