• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун ыкчам байланыш номери күнү-түнү иштейт

Ден соолук 0

Бишкек, 07.12.23. /Кабар/. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 113 ыкчам байланыш номери күнү-түнү иштөө режимине өттү.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, жарандар Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 113 акысыз ыкчам байланыш телефонуна байланышып, медициналык кызматтар, укуктары, арыздарды берүү жана медицина кызматкерлерине ыраазычылык билдирүү менен толук маалымат ала алышат.

Бул жарандарга дем алыш күндөрүн (ишемби жана жекшемби) кошпогондо, саламаттык сактоо уюмдарында Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында медициналык кызматтарды көрсөтүүгө байланыштуу күнү-түнү кесипкөй кеңештерди жана суроолорго жоопторду алууга мүмкүндүк берет.

Жарандардын бардык кайрылуулары 113 ыкчам байланыш телефонунун программалык камсыздоосуна жазылат, башкача айтканда, бир дагы кайрылуу кароосуз калбайт. Каралган жана көрүлгөн чаралар программалык камсыздоодо да катталган.

«Биздин негизги максатыбыз – жарандарыбыздын медициналык жардамга болгон муктаждыктарын толук канааттандырууну камсыз кылуу. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун ыкчам байланыш телефонунун күнү-түнү иштөөгө өтүүсү жарандарга ыкчам маалыматтарды жеткиликтүү болуу мүмкүнчүлүгүн берет. Медициналык кызматтарды көрсөтүүнүн көлөмү, шарттары жана эрежелери жөнүндө маалымат калкка ыңгайлуу болгон убакта берилет», - деп баса белгиледи Алымкадыр Бейшеналиев.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду Кыргызстандын жарандары үчүн медициналык тейлөөнүн жогорку стандартын камсыз кылууда өз кызматтарын жакшыртуу боюнча ишин улантууда.

Бардык телефондордон чалуулар акысыз.

Пикир

Оставить комментарий