• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жылдыз Бакашова Республикалык ыкчам штабдын жыйынын өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 15.05.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Республикалык ыкчам штабдын кезектеги кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Кеңешменин жүрүшүндө өлкөнүн аймактарындагы эпидемиологиялык кырдаал, коронавирус инфекциясынын үчүнчү толкунуна карай күчтүн жана каражаттардын даярдыгы, калкты COVID-19га каршы вакцинациялоонун жүрүшү талкууланды.

Белгиленгендей, Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл облустарында эпидемиологиялык жагымсыз абал сакталууда.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал курчуп кетсе, иш-чаралар планын өз убагында жана толугу менен ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Коронавирустук инфекцияга байланыштуу эпидемиологиялык кырдаал Министрлер Кабинетинин көзөмөлү астында турат. Коопсуз эпидемиологиялык кырдаалды, ошондой эле зарыл болгон медициналык жардамды алуу үчүн тийиштүү шарттарды камсыз кылуу максатында мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери көйгөйлүү маселелерди көзөмөлгө алып, өз учурунда чечүүсүн өтүнөм. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жана Милдеттүү медициналык камсыздоо фонду дарыканаларда жана саламаттыкты сактоо уюмдарында дары-дармек каражаттары, медициналык багыттагы буюмдар, жеке коргонуу каражаттары менен жетиштүү көлөмдө камсыз кылуусу, бейтаптарды дарылоо үчүн ооруканаларда резервдик орундарды, медициналык кызматкерлердин негизги жана резервдик курамын камсыздоосу зарыл», - деди ал жана ведомство ошондой эле рейддик иш-чараларды жана оорулуулар менен байланышкан адамдарды аныктоо ишин күчөтүү үчүн врач-эпидемиологдордун кошумча жумуштарын уюштурушу, ошондой эле аларга эмгек акы төлөө маселесин чечүүсү зарыл экендигин кошумчалады.

Жылдыз Бакашова ошондой эле Министрлер Кабинетинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, шаардык мэрияларга, айрыкча Бишкек шаарында, Чүй, Ысык-Көл облустарында күн сайын коронавирустун жайылышынын алдын алуу үчүн коомдук тамактануу жайларында, базарларда, эл көп чогулган жерлерде жана коомдук транспортто санитардык-эпидемиологиялык талаптарды бузуучуларды аныктоо боюнча рейддерди өткөрүү тапшырмасын берди.

Мындан тышкары, аларга коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүү боюнча облустук жана шаардык штабдардын ишинин алкагында эпидемиологиялык кырдаалга жараша ресторандардын, кафелердин, базарлардын, мектептердин, бала бакчалардын, коомдук транспорттун ишин чектөө боюнча чечимдерди өз убагында кабыл алуусу тапшырылды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары калкты вакцинациялоо темпин күчтөндүрүүнүн маанилүүлүгун белгиледи.

«Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги республиканын ар бир облусунда жана шаарында саат 07.00 ден 23.00гө чейин иштөөчү эмдөө пункттарынын үзгүлтүксуз ишин уюштуруусу, ар бир район, шаар жана облустун чегинде жеткиликтүү жана жеткирүү пландаштырылып жаткан вакциналарды эске алуу менен республиканын калкы үчүн ар жумага жана айга бөлүштүрүлгөн вакцинациялоонун деталдуу планын иштеп чыгуусу зарыл. Ошондой эле, облустук, шаардык жана райондук үй-бүлөлүк медицина борборлорунун базасында дарыгерлер тобун уюштуруп, калкты коронавирус инфекциясына каршы вакцинациялоонун маанилүүлүгү жана зарылчылыгы жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек», - деди ал.

Штабдын отурумунан соң мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмалар берилди.

ОтветитьПереслать

Пикир

Оставить комментарий