• 88.68
  • 95
  • 0.95

Москвада Кыргызстан менен Россиянын саламаттык сактоо министрлери жолугушту

Коом 0

Бишкек, 07.03.23. /Кабар/. Бүгүн, 7-мартта Россияга болгон иш сапарынын алкагында Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Россиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги кабарлайт.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саламаттык сактоо тармагындагы эки тараптуу кыргыз-россия кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Тактап айтканда, ведомстволор аралык деңгээлде, анын ичинде медициналык мекемелердин ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн туруктуу динамикасын белгилешти, калктын ден соолугун чыңдоого жана медициналык жардамды уюштуруу тутумун бекемдөөгө багытталган биргелешкен ишти жандандыруу боюнча өз ара ниеттерин ырасташты.

Министр Баатырова Россияда иштеген кыргыз жарандарынын үй-бүлө мүчөлөрүнө медициналык жардам көрсөтүү, ошондой эле бардык чет өлкөлүк жарандар үчүн колдонулган медициналык кароодон өтүү тартибин жеңилдетүү менен байланышкан маселелерди чечүүнүн өз ара алгылыктуу варианттарын табуу максатында диалогду улантуу зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө медицина тармагында тажрыйба топтоо жана алмашууну улантуунун, ошондой эле көп тараптуу форматта, анын ичинде медицина кызматкерлеринин эл аралык саламаттык сактоо иш-чараларына катышуусу аркылуу кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгү белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий