• 88.68
  • 95
  • 0.95

Москвада жөө адамдарды коюп кеткен кыргызстандык айдоочу камакка алынды

Коом 0

Бишкек, 19.06.18. /Кабар/. Москванын Таган райондук соту дүйшөмбү күнү калаанын борборунда жөө кишилерди койдуруп кеткен кыргызстандык айдоочуну эки айга камакка алуу чечимин чыгарды, - деп жазат РИА Новости.

Кырсык ишемби күнү Ильинка көчөсүндө болгон. Айдоочу жолдун четине чыгып, жөө жүргүнчүлөрдү койдуруп кеткен. Натыйжада жети адам жабыркаган. РИА Новости билдиргендей, жабыркагандардын арасында Мексиканын эки жараны жана Азербайжандын эки жараны болгон.

“Тергөөнүн сунушун эске алып, Чыңгыз Анарбек уулунун баш коргоо чарасы каралып, эки айга камакка алуу чечими кабыл алынды”, - деп билдирди судья Наталия Ларина.

Кыргызстандык жаран күнөөсүн мойнуна алып, мындай окуя болуп кеткендигине өкүнүп жаткандыгын билдирди. Ал эки ай мурда айдоочу болуп жумушка орношуп, карыздарынан кутулуу үчүн тыным албай иштеп жаткан. Унааны болсо ижарага алган.

Россия Федерациясынын Кылмыш кодекси боюнча кыргызстандык жаран эки жылга камалып жана айдоочулук күбөлүктөн ажыратылышы мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий