• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жогорку соттун төрагасы Европа биримдигинин программасынын өкүлдөрү менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 09.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 9-февралда КР Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков Европа биримдигинин “Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгү – 2-фаза” программасынын жана GIZдин “Борбор Азия өлкөлөрүндө укуктук мамлекеттүүлүккө көмөктөшүү” программасынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууга “Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгү – 2-фаза” программанын жетекчиси Стефанос Кареклас, GIZдин “Борбор Азия өлкөлөрүндө укуктук мамлекеттүүлүктү көмөктөшүү” программасынын жетекчиси Виктор Кесслер, Электрондук сот адилеттиги жана сот башкаруу программасынын негизги эксперти Кристоф Копецки, Кылмыштардын бирдиктүү реестри компонентинин негизги эксперти Дмитрий Нурумов, GIZ улуттук координатору Рустам Мадалиевдер катышышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өлкөнүн сот тутумун өнүктүрүү үчүн актуалдуу болгон бир катар багыттар боюнча мындан аркы кызматташууну талкуулашты.

Замирбек Базарбеков белгилегендей, Европа биримдигинин “Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгү – 2-фаза” Программасынын жана GIZ «Борбор Азия өлкөлөрүндө укуктук мамлекеттүүлүккө көмөктөшүү» программасы тарабынан көп жылдар бою көрсөтүлүп жаткан жардам жана колдоо Кыргыз Республикасынын сот тутумунун өнүгүшүнө баа жеткис салым болуп саналат.

«Көп жылдар бою сиздердин колдооңуздардын аркасында сот системасын санариптик трансформациялоого багытталган олуттуу иш-чаралар өткөрүлдү. Ошону менен бирге «Суд» автоматташтырылган маалыматтык тутумун өз убагында ишке киргизүүдө да көйгөйлөр болгон, аны соңуна чыгарууда мындай көйгөйлөр кайталанбашы керек экендигин эске алуу зарыл», — деп белгиледи Замирбек Базарбеков.

Аталган программанын жетекчиси Стефанос Кареклас Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековго кызматташууга конструктивдүү мамилеси үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы активдүү байланыштар бекем болооруна ишеним жасады.

Тараптар Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгүн жана укуктук мамлекеттүүлүктү бекемдөө жана өнүктүрүү кызыкчылыгы үчүн жемиштүү эки тараптуу кызматташууну улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий