• 88.68
  • 95
  • 0.95

Мындан ары кыргызстандыктар айрым документтерди алуу үчүн аралыктан электрондук арыз бере алат

Өкмөт 0

Бишкек, 04.12.23. /Кабар/. Кыргызстандын бүткүл аймагында Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу туулгандыгын жана өлгөндүгүн мамлекеттик каттоого электрондук арыздарды берүү боюнча пилоттук долбоор башталат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Тескемеге ылайык, Санариптик өнүктүрүү министрлиги Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин 2023-жылдын 1-декабрынан тартып Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу туулгандыгын жана өлгөндүгүн мамлекеттик каттоого электрондук арыздарды берүү боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүүнү кайра баштайт.

Тескеменин максаты - Санариптик өнүктүрүү министрлигинин мамлекеттик катто кызматтарына арыз ээлеринин көбүрөөк жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана мамлекет менен жарандардын ортосунда туруктуу санариптик өз ара аракеттенүүнү түзүү болуп саналат.

Белгилей кетсек буга чейин, 2022-жылдын 3-октябрынан 2023-жылдын 3-октябрына чейин Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун аймактарында электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу төрөлүүнү жана өлүмдү мамлекеттик каттоого электрондук арыздарды берүү боюнча пилоттук долбоор жүргүзүлгөн. Анын алкагында 2023-жылдын сентябрынын башына карата Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу келип түшкөн арыздардын негизинде 86 баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо жүргүзүлүп, анын ичинен 32 үйүнө жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий