• 88.68
  • 95
  • 0.95

“Абу-Даби Кыргыз Инвестмент” компаниясынын уставына жана уюштуруу документтерине кол коюлду

Экономика 0

Бишкек, 04.12.23. /Кабар/. Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги менен Абу-Даби өнүктүрүү фондунун ортосунда “Абу-Даби Кыргыз Инвестмент” Кыргыз-Эмират биргелешкен холдинг компаниясынын уставына жана уюштуруу документтерине кол коюлду.

Экономика министрлигинен билдиришкендей, кол коюу аземи 2-декабрда президент Садыр Жапаровдун Бириккен Араб Эмираттарына жумушчу сапарынын алкагында өттү.

Документтерге КР экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев жана Абу-Даби өнүктүрүү фондунун башкы директору Мохаммад Саиф Аль-Сувайди кол коюшту.

"Абу-Даби Кыргыз Инвестмент" ААКны түзүүнүн негизги максаты - артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорду каржылоо үчүн БАЭден Кыргызстандын экономикасына түз инвестиция тартуу болуп саналат. Компания энергетика, айыл чарба, инфраструктура, экспортту өнүктүрүү, жаңы технологияларды колдонуу, өнөр жайды модернизациялоо жана башка тармактардагы долбоорлорду каржылайт.

Компаниянын уставдык капиталы 100 млн долларды түзөт, мындан ары да көбөйтүү мүмкүнчүлүгү бар.

Компанияны башкарууну директорлор кеңеши ишке ашырат, анын курамын кыргыз тараптын жана Абу-Даби өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү түзүшөт. Компаниянын башкы кеңсеси Кыргызстанда жайгашат.

Пикир

Оставить комментарий